SYMPOSIUM
СИМПОЗИУМ
ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК - АЛАТОО УНИВЕРСИТЕТИ
ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ФАКУЛЬТЕТИ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН
СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ - ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМУНА ЧАКЫРАБЫЗ.
СИМПОЗИУМ 2017 – ЖЫЛДЫН 27- АПРЕЛЬ КҮНҮ ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК - АЛАТОО УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ӨТКӨРҮЛӨТ.
СИМПОЗИУМДУН ИШИ кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
СИМПОЗИУМДУН ФОРМАТЫ: симпозиум секциялык иштер түрүндө өткөрүлүп, материалдары жыйнак түрүндө басылып чыгат.
СИМПОЗИУМДУН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ:
1. республикабыздын ЖОЖдорунун студенттеринин илимий көз караштары, идеялары жана пикирлери менен бөлүшүүсүнө көмөктөшүү;
2. студенттердин илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнө түрткү болуу;
3. республикабыздын түрдүү аймактарынын өкүлдөрүнүн түз жана чексиз баарлашуусуна мүмкүндүк түзүү;
4. студенттердин изилдөөлөрүнүн натыйжалары, тыянактары жана практикалык сунуштары менен коомчулукту
тааныштырууга өбөлгө болуу;
5. студенттердин кызыкчылыктары жана изилдөөлөрүнүн багыттары боюнча биригүүсүнө мүмкүнчүлүктөр жаратуу.
СИМПОЗИУМДА ТАЛКУУЛАНУУЧУ КӨЙГӨЙЛӨР:
-Балдар адабияты боюнча изилдөөлөр
-Балдар адабиятынын тилдик өзгөчөлүктөрү
-Балдар адабияты жана котормо
_________________________________________________
- Балдар адабияты жана педагогика
- Кыргыз балдар адабиятындагы этикалык баалуулуктар
- Балдарга арналган китептердеги сүрөттөрдүн берилиши
- Кыргыз эл жомокторундагы социалдык жат көрүнүштөр
_________________________________________________
- Translation problems in children's Literature
- Ideology and Cultural Adaptation in Children's Literature
- History of Translation Studies for children's Literature in Kyrgyzstan
- Writers and translators for children's literature in Kyrgyzstan
- Simultaneous Interpretation in Children's Literature.
_________________________________________________
The Problems of Humanism in the English and American children's Literature
МӨӨНӨТТӨРҮ:
Симпозиумга катышуу үчүн 2017-жылдын 15 - апрелине чейин каалоочулардан электрондук түрдө өтүнмөлөр (анын үлгүсү төмөндө берилет) жана баяндамалар кабыл алынат.
ӨТҮНМӨ:
1. Баяндаманын аталышы:
2. Аты-жөнү:
3. Окуган жогорку окуу жайы:
4. Электрондук дареги:
5. Байланыш телефону:
КАТТАЛУУ:
Төмөнкү материалдарды электрондүк түрдө берүү зарыл:
- катышууга өтүнмөнү (*.doc, *docx, *.rtf форматында);
- секциянын тематикасына туура келүүчү баяндаманы (*.doc, *docx, *.rtf форматында);
- илимий жетекчинин рецензиясын (*.doc, *docx, *.rtf, *. jpg, *.png форматында).
Баяндаманы тариздөөгө коюлучуу талаптар:
- А4 форматындагы барактын жогорку оң бурчунда секциясынын толук аталышын көрсөтөсүз;
- бир интервалдан кийин барактын борборуна баяндаманын аталышын талаптарга толук ылайык жазасыз:
баш тамга менен, чекит койбой, шрифт: Times New Roman, 14, коюу;
- бир интервалдан кийин оң жагына: автордун аты-жөнү, окуган жогорку окуу жайы толугу менен;
- бир интервалдан кийин баяндаманын тексти кетет, ал төмөнкү талаптарга ылайыкталууга тийиш:
А4 форматында, жээктери бардык тарабынан – 2 см, шрифт Times New Roman 14, кадимки, сап арасындагы интервалы 1,5.
- бир интервалдан кийин тексттин аягында пайдаланылган адабияттардын тизмеси (кайталоосуз)
«Адабияттар:» деген аталыштын астында берилет. Текстте шилтемелер чарчы кашаа менен белгиленип, анын ичинде булактын катар номери көрсөтүлөт жана бетинин номери үтүр менен ажыратылат.
- Баяндаманын көлөмү – 7-10 барак.
БАЙЛАНЫШУУ ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР:
Дареги: Эл аралык Ататүрк - Алатоо университети, Анкара көчөсү 1/8 Тунгуч, 720048, Бишкек шаары, Кыргызстан
Өтө турган жери: КОНЬЯ Конференция залы
Email: nurzat.kazakova@alatoo.edu.kg
Тел: 0705520068