«Педагогика жана окутуунун технологиялары» аттуу семинар улантылууда

February 14, 2020

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин окутуучу-профессордук курамына педагогика боюнча квалификациясын жогорулатуучу «Педагогика жана окутуунун технологиялары» аттуу 72 сааттык семинар өз ишин улантууда. Семинар 2020-жылдын 13-февралында Квалификацияны жогорулатуу жана инновациялар институту тарабынан уюштурулуп, профессор Салидин Калдыбаев жана окутуучу Кудайберген Осмоналиев "Жумушчу программаларды иштеп чыгуу технологиясы" деген темада мазмундуу семинар-тренинг өтүп, катышуучулар арасында кызуу талкуу жаратты.