Билдирүү
February 3, 2017
АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК-АЛАТОО УНИВЕРСИТЕТИ ТУУРАЛУУ МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДА ЧЫККАН КАБАРЛАРГА УНИВЕРСТЕТИБИЗДИН РЕКТОРЛУГУ ТАРАБЫНАН БИЛДИРҮҮ.
Эл аралык Ататүрк-Алатоо Университети 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана Илим Министирлигинин уруксаты жана лицензиясы менен өз ишин баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин министирликтин текшерүүлөрүнөн ийгиликтүү түрдө өтүп келген.
Университетибиз Кыргызстандын билим берүү талаптарын жана стандарттарын сактап, толук түрдө баш ийет. Эл аралык заманбап сапаттарга жооп берип, жыл сайын ачылыштарды жасап келет. Муну менен катар университетибизде жаңы ачылган медициналык факультет жана ачылуусу пландаштырылган оорукана келечекте кыргыз калкына кызмат көрсөтөт. Университетибизде ар түрдүү улуттун, диндин жана маданияттын өкүлдөрү кыргыздын улуттук жана рухий байлыктарын коргоо менен бирге тынчтык, достук жана биримдиктин чөйрөсүндө билим алып келет.
ПОЯСНИТЕЛЬНОЕ ЗАЯВЛЕНИЕ РЕКТОРАТА МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА АТАТЮРК-АЛАТОО ОТНОСИТЕЛЬНО ПОСЛЕДНИХ НОВОСТЕЙ РАСПРОСТРАНЁННЫХ В СРЕДСТВАХ МАССОВОЙ ИНФОРМАЦИИ О НАШЕМ УНИВЕРСИТЕТЕ.