«Ырдайлы, кыргыз ырларын»

April 13, 2018

  12-апрель күнү  «Ала-Тоо» эл аралык университетинде  мамлекеттик тилдин урматына карата  университеттеги  чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү ар түрдүү улуттардын  өкүлдөрүнүнүн  катышуусунда  «Ырдайлы, кыргыз ырларын»  аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул сынактын уюштуруу максаты – университетте окуп жана иштеп жаткан жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнөн башка улуттарды мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун ойготуу жана улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

     Кароо-сынак эки этап менен өтүп, эң алгач биринчи турда 25 катышуучунун ичинен мыктылары  тандалып алынып, экинчи турга жолдомо алышкан. Негизинен экинчи турга 15 катышуучу катталды.

   Кароо-сынак  элибизде салт болгондой «Манас» дастаныбыз менен ачылып, кароо-сынакты расмий  ачылышын университеттин жетекчилигинен Сүлейман Шентүрк жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы, Гулнара Ибраимова ачышып, тил-достуктун данакери жана улуттар ортосундагы  ынтымактын башаты экендигине токтолуп, студенттер бир гана тилди эмес, азыркы ааламдашуу доорунда бир канча тилдерди билүүсү абзел экендигине токтолушту.

  Кароо-сынакты баалоо үчүн атайын калыстар тобу түзүлүп, калыстар тобунун төрайымы  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим, мүчөлөрү: тил институтунун директору Жакшылыкова Тинатин, орус тили бөлүмүнүн башчысы  Алымбекова Сууракан жана түрк тили окутуучусу Саматова Анипа шайланышты. 

Алдын-ала түзүлгөн программанын негизинде катышуучулар кезек менен сахнага чыгып жатышты. Алгачкы номерде   педагогика жана психология бөлүмүнүн 2-курсунун студенти, түрк улутунан  Рабия Нур Эргенч «Апакем» аттуу ыры менен чыкты. Жергиликтүү түрк улутунун өкүлү компьютердик инженерия бөлүмүнүн  1-курсунун студенти Кемран Караев пинанинодо комуздун коштоосунда «Маш ботой» күүүсүн ойносо, англис тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти индонезиялык студент Лин Тан  кыргыз тилинде  «Энекем» деген ырды эң сонун чеберчиликте аткарды.Түркиядан жана  Биргелешкен Араб мамлекетинен келген студенттердин катышуусунда «Бишкегим» ыры хор менен аткарылып, залдагы көрүүчүлөрдүн коштосуна ээ болду. Англис тили жана адабиятынын 1-курсунун студенти түркиялык студент  Махир Чомче эстрада жылдызы Нурлан Насиптин «Туулган күнүң менен» деген ырын Нурлан Насиптен кем аткарган жок. Угандадан келген  Николас Кайэмбо «Жалын бийин» абдан мыкты деңгээлде бийлеп, залды шаңга бөлөдү. Студенттердин арасында заманбап саналган реп  жанрында Добрдан кем болбогон түркиялык студенттер Мурат Догонай жана Селим Чам кыргыз тилинде реп айтышты. Тажикстандан келген студент Анушервон Салихов «Энекем ай» ырын Нурболот Шарипов менен дуэт аткарышты. Даярдоо бөлүмүндө окуган араб улутунун өкүлү Раян Зарга «Кызыл өрүк» ырын мыкты ырдады. Университетибизде иштеген  агай-эжейлерибиз кароо-сынакка конок катары катышышып, студенттерге үлгү боло алышты. Университеттин маркетинг бөлүмүнүн кызматкери Елена Романенко кыргыз ырларынан попури аткарса, түркология бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.к., Сатылмыш Бажак кыргыз тилинде түрк акынынын ырын зор ынтаа менен окуду. Англис тили жана синхрондук котормо бөлүмдөрүнүн окутуучулары Назарбек Акылбек уулу менен Яхья Полат кыргыз ырларынан дуэт аткарышты. Тилдер институтунун окутуучусу Казым Эсим кыргыз тилинде обондуу ырды мыкты аткарды. Аткарылган номерлердин ортосунда университеттин жергиликтүү жана башка улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Торгоюм», «Мөлмөлүм» жана «Чолпонум» ырларына бий бийлешти. Айрыкча, экономика бөлүмүнүн студенттеринин аткаруусундагы кыргыз ырларынан түзүлгөн флешмоб жалпынын черин жазды. 

     Кароо-сынакка конок катары чакырылгандардан:Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Роман Чеснов «Жамгыр төктү» ырын, тил үйрөтүү борборунун өкүлдөрү Африкалыктар «Ай эжеке» ырын мыкты деңгээлде аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулдарына толушту.

   Кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстар тобунун чечими менен 1-орунга Рабия Нур Эргенч, 2-орунга Лин Тан, 3-орунга Кемран Караев ээ болушса, «Жалын бийи» үчүн Николас Кайэмбо көрүүчүлөрдүн жана калыстардын алкышына татыктуу болуп, аты  аталган студенттер университеттин алкыш баракчасы жана  баалуу белектер менен сыйланышты.

Жыйынтыгында айтаарыбыз, студенттерге тил үйрөнүү аркылуу ошол элдин маданиятын, каада-салттын, үрп-адатын жана маданиятын тааный алышат. Ал маданият элибиздин эзелтен келе жаткан ыр кайрыктарында сакталган. Ал кайрыктар элдер ортосунда ынтымактын, достуктун, биримдиктин күүсүн чертет. Кылымдар бою бул күүлөр токтобосун, ал эми ата-бабалардан мурас калган  эне тилибиз – кыргыз тили түбөлүктүү жашай берсин.