SYMPOSIUM

СИМПОЗИУМ

ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК - АЛАТОО УНИВЕРСИТЕТИ

ГУМАНИТАРДЫК  ИЛИМДЕР  ФАКУЛЬТЕТИ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН

СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ - ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМУНА ЧАКЫРАБЫЗ.

СИМПОЗИУМ 2017 – ЖЫЛДЫН  27- АПРЕЛЬ КҮНҮ   ЭЛ АРАЛЫК АТАТҮРК - АЛАТОО УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ӨТКӨРҮЛӨТ.

 

СИМПОЗИУМДУН ИШИ кыргыз, түрк, орус жана англис  тилдеринде жүргүзүлөт. 

СИМПОЗИУМДУН ФОРМАТЫ: симпозиум секциялык иштер түрүндө өткөрүлүп, материалдары жыйнак түрүндө басылып чыгат.

СИМПОЗИУМДУН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ:

1. республикабыздын ЖОЖдорунун студенттеринин илимий көз караштары, идеялары жана пикирлери менен бөлүшүүсүнө көмөктөшүү;

2. студенттердин илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнө түрткү болуу;

3. республикабыздын түрдүү аймактарынын өкүлдөрүнүн түз жана чексиз баарлашуусуна мүмкүндүк түзүү;

4. студенттердин изилдөөлөрүнүн натыйжалары, тыянактары жана практикалык сунуштары менен коомчулукту

тааныштырууга өбөлгө болуу;

5. студенттердин кызыкчылыктары жана изилдөөлөрүнүн багыттары боюнча биригүүсүнө мүмкүнчүлүктөр жаратуу.

 

СИМПОЗИУМДА ТАЛКУУЛАНУУЧУ КӨЙГӨЙЛӨР:

-Балдар адабияты боюнча изилдөөлөр

-Балдар адабиятынын тилдик өзгөчөлүктөрү

-Балдар адабияты жана котормо

_________________________________________________

- Балдар адабияты жана педагогика

- Кыргыз балдар адабиятындагы этикалык баалуулуктар

- Балдарга арналган китептердеги сүрөттөрдүн берилиши

- Кыргыз эл жомокторундагы социалдык жат көрүнүштөр

_________________________________________________

- Translation problems in children's Literature

- Ideology and Cultural Adaptation in Children's Literature

- History of Translation Studies for children's Literature in Kyrgyzstan

- Writers and translators for children's literature in Kyrgyzstan

- Simultaneous Interpretation in Children's Literature.

_________________________________________________

The Problems of Humanism in the English and American children's Literature

 

МӨӨНӨТТӨРҮ:

Симпозиумга катышуу үчүн 2017-жылдын 15 - апрелине  чейин каалоочулардан электрондук түрдө өтүнмөлөр (анын үлгүсү төмөндө берилет) жана баяндамалар кабыл алынат.

 

ӨТҮНМӨ:

1. Баяндаманын аталышы:

2. Аты-жөнү:

3. Окуган жогорку окуу жайы:

4. Электрондук дареги:

5. Байланыш телефону:

 

КАТТАЛУУ:

Төмөнкү материалдарды электрондүк түрдө берүү зарыл:

- катышууга өтүнмөнү (*.doc, *docx, *.rtf форматында);

- секциянын тематикасына туура келүүчү баяндаманы (*.doc, *docx, *.rtf форматында);

- илимий жетекчинин рецензиясын (*.doc, *docx, *.rtf, *. jpg, *.png форматында).

 

Баяндаманы тариздөөгө коюлучуу талаптар:

- А4 форматындагы барактын жогорку оң бурчунда секциясынын толук аталышын көрсөтөсүз;

- бир интервалдан кийин барактын борборуна баяндаманын аталышын талаптарга толук ылайык жазасыз:

баш тамга менен, чекит койбой, шрифт: Times New Roman, 14, коюу;

- бир интервалдан кийин оң жагына: автордун аты-жөнү, окуган жогорку окуу жайы толугу менен;

- бир интервалдан кийин баяндаманын тексти кетет, ал төмөнкү талаптарга ылайыкталууга тийиш:

А4 форматында, жээктери бардык тарабынан – 2 см, шрифт Times New Roman 14, кадимки, сап арасындагы интервалы 1,5.

- бир интервалдан кийин тексттин аягында пайдаланылган адабияттардын тизмеси (кайталоосуз)

«Адабияттар:» деген аталыштын астында берилет. Текстте шилтемелер чарчы кашаа менен белгиленип, анын ичинде булактын катар номери көрсөтүлөт жана бетинин номери үтүр менен ажыратылат.

- Баяндаманын көлөмү – 7-10 барак.

 

БАЙЛАНЫШУУ ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР:

Дареги:  Эл аралык Ататүрк - Алатоо университети, Анкара көчөсү 1/8 Тунгуч, 720048, Бишкек шаары, Кыргызстан

Өтө турган жери:  КОНЬЯ Конференция залы

Email: nurzat.kazakova@alatoo.edu.kg

Тел: 0705520068

 

МАКАЛАНЫН ҮЛГҮСҮ