English  Türkçe  Русский  Кыргыз

Home Англис тили жана адабияты бөлүмү
Англис тили жана адабияты бөлүмү PDF Print E-mail
Written by Administrator   
Monday, 19 May 2008 03:45
Англис тили жана адабияты бөлүмү

    Бөлүм университет менен жашташ, т.а. 1996-1997 – окуу жылы ачылган.  Бөлүмдүн түпкү максаты -  студенттерге англис тили жана адабиятынан ар тараптуу жана терең билим жана илим берүү жана аларга Кыргызстанда эле эмес, жакынкы жана алыскы өлкөлөргө барып иштөө, илимий жактан эмгектенүүгө шарт түзүү болуп эсептелет. Бөлүм көп улуттуу: студенттерибиздин ичинде Ооганистан, Түркиядан, Чаттан, Мызамбиктен, Нигериядан, Таджикистандан, Түркмениядан келгендер да англис тилин, адабиятын жигердүү өздөштүрүшөт.
    Биздин мугалимдер жыл сайынкы келишим менен иштешет. Алардын арасында англиядан, Ирландиядан, Лондондон, Исландиядан, Америкадан, Түркиядан келип иштегендер көп.
    Биринчи курста университеттеги баардык факультеттердин студенттери жалаң англис тилин окушат. Экинчи курстан гана алар өзүлөрүнүн факультеттерине барып окушат жана анда дээрлик баардык сабактар англис тилинде окутулат. Бөлүмдө баардык англис сабактары Оксворд университетинин программаларынын жана окуу китептеринин негизинде окутулат. Курстардагы студенттерди тайпага бөлүүдө алардын англис тилинен болгон билим деңгээлдеринин негизинде бөлүштүрүшөт, анткени тайпада ар башка билим деңгээлинде студенттер үчүн окуу абдан көңүлсүз, жадашма болуп калат.
    Бөлүмдүн экинчи максаты, бул студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу б.э. Бул максатта бөлүмдөгү студенттер курстук ишти жазганды экинчи курстан башташат. Үчүнчү, төртүнчү курстан соң ошол эле илимий теманы дипломдук иш катары улантып, бүтүрүүчүлөрдүн баардыгы өзүлөрүнүн илимий-практикалык эмгектерин мамлекеттик сынакта жакташат. Бөлүм дипломдук иштердин кандидаттык диссертацияга өсүп жетишине көптөн көп кызыктар.
    Бөлүмдө таланттуу, иштемчил илимпоздордун, окутуучулардын келип иштешине дайым ачык.