| Эларалык мамилелер бөлүмү |
|
|
|
| Written by Administrator | |
| Monday, 19 May 2008 03:44 | |
|
Эларалык мамилелер бөлүмү Глобалдашуу эл аралык жана мамлекеттер аралык байланыштар күчөөдө.Ушуга байланыштуу азыркы учурда эларалык мамилелердин ролу өсүүдө. Эларалык мамилелер бөлүмүнүн негизги максаты: жогорку профессионалдуу сапаттарга ээ болгон, жоопкерчиликтүү, окуяларга, көрүнүштөргө квалификациялуу анализ бере алган, алган өз билимин турмушта колдоно билген, ошондой эле коомго жана бүткүл адамзатка пайдачын тийгизген студенттерди даярдоо. Бөлүмдүн окутуучулук курамын; бир канча өлкөлөрдүн адистери түзөт. Студенттер окутуучулар менен тыгыз байланышта болуп өз адистиги боюнча фундаменттик даярдыкты жана маалыматтарды ар кайсы булактардан алып, аларды колдонуу методдорун үйрөнүүчү окуу планы иштелип чыккан. Саясат таануу, экономика, укук таануу, дипломатия, тарых, социология, коом башкаруу, адам укугу жана эларалык байланыштар боюнча негизги маселелерди дүйнөлүк көз карашта окушуп, өз мамлекетинин турмушунда, дүйнөлүк коомдо активдүү болуусун даярдашат. Эң негизги артыкчылыгы: сабактар жаңы технологияларды колдонуу менен чет тилинде өткөзүлгөндө. Эларалык мамилелер бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү, өз адистиги боюнча ар тараптуу даярдык алышкандыктан кесипти карьерасын өстүрүүгө кеене мүмкнчүлүк алат. Студент магистратура же болбосо докторантурадан улантса, келечекте аналитик, консультант, илимпоз же окутуучу боло алат.Ошондой эле биздин бүтүрүүчүлөр ар кандай эларалык мекемелерде иштей алышат.Мисалы: БУУ сыяктуу мекемелерде. Мындай мекемелердин саны күн өткөн сайын артууда. Мындан сырткары улуттук жана жергиликтүү компанияларда, банк секторлорунда, сырткы соода фирмаларында иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле журналистика кесиби да алар үчүн перспективдүү болуп эсептелинет.Бирок бул бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнүн негизги чөйрөсү болуп: дипломатия жана сырткы байланыштар; иштөөчү жерлери чет элдик иштер министирлиги (ТИМ) жана башка министирликтер, элчилик, чет элдик өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик мекемелер болуп саналат. |
Эларалык мамилелер бөлүмү


