| Компьютердик инженерия бөлүмү |
|
|
|
| Written by Administrator | |
| Monday, 19 May 2008 03:38 | |
|
Факультет жонундо кыскача маалымат
Компьютер жана Интернет адамдардын жашоосуна жана коомго чощ таасирин тийгизүүдү. Биздин жашоо 20 кылымдын экинчи жарым жылдыгынан баштап, тез арада компьютерлешти. Азыр биз компьютер, маалымат жана Интернет доорунда жашап жатабыз. Компьютердик инженерия бөлүмү жаш, зээндүү студенттердин компьютер илими багытында өздөрүн көрсөтүүгү шарт түзөт. Студенттер алгач таанышуу курстарынан баштап, предметтердин негизи болгон обьективдүү программалоону, алгорифмалардын дизайнын, оперативдүү системаларды, программалоо тилин, компьютердик тармак жана Интернетти үйрөнүшүт. Мындан сырткары, студенттер татаал проекттерди жана курстарды өздоштүрүү үчүн математика жана инженерия илимин окушат. Факультеттин студенттери 4 курста компьютердик инженерия илимин терещирээк окууга мүмкүнчулүкторү бар, маселен өндүрүштүк инженерия да камтылат. Кошумчаласак, студенттер проекттердин дизайны боюнча лекцияларды угушат.
Компьютердик инженерияны өздөштүрүү үчүн теория да, практика да жетишсиз деп эсептешет факультеттин окутуучулары. Ошондуктан студенттердин практикалык тажрыйбасы үчүн 2 окутуучу лаборатория, 1 электрондук лаборатория, 2 изилдөөчү лаборатория менен камсыз кылынган. Студенттер бул лабораторияларды өз максаттарына ылайык колдоно алышат. (проекттер, изилдөөлөр, рефераттар ж.б.)
- Эл аралык денгээлге татыктуу изилдөө проекттерин жазуу; - Студенттерди бул проекттерге кызыктыруу менен алардын дъйнөлък машстабда иш табуусун жещилдетүү;
Биздин миссиябыз -Студенттерге келечекте иш табууга ыщгайлуу компьютердик инженерия боюнча эл аралык стандартка жооп берүүчү факультет болуу; Студенттерди жогорку дещгээлди этикага үйрөтүү; -Студенттерди университеттин социалдык жашоосунда активдүү катышуусуна чакыруу, бул студенттердин лидерлик сапатын жакшыртат.
Биздин баалуулуктар жана принциптер -Мыкты окутуучулар жана изилдөөлөр; -Этикалуулук; -Профессионалдык жана өз ишине берилгендик; -Чечкиндүүлүк; -Технологиялык жащыланууда болуу; |
Компьютердик инженерия бөлүмү


